24.05.2018 11:54

Рыскелди Момбеков: Оңолбеков бажыны оңдоо үчүн келдиби же тоноо үчүн келдиби?

Рыскелди Момбеков: Оңолбеков бажыны оңдоо үчүн келдиби же тоноо үчүн келдиби?

«Салык кызматы менен Бажы кызматынын жетекчилерин алмаштырып салышты. Эмнеге? Бажы кызматы өткөн 4 айда бюджетке 3 млрд сомдон ашуун каражат түшүрүптүр, план 1 млрд сомго ашык аткарылыптыр. Мен түшүнбөй турам, Оӊолбековду бажы тармагын оӊоо үчүн алып келиштиби же тоноо үчүн алып келиштиби?»- деди бүгүн депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында. 

Эл өкүлү ишинде жакшы натыйжаларды көрсөтүп жаткан жетекчилердин кызматтан жөнү жок алынуусуна нааразылыгын билдирди. Айтымында, бийликке кайсы команда келбесин, Бажы кызматына анын «кошелегу» кошо келет.

«Муну өнөкөт кылып алышты, азыр «капчыктардын» баары бажыда отурат. Мындай жосунду токтотуш керек. Мына, Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду кызматынан алып коюшту. Ал эми анын орун басары Жеӊиш Исаковду эмнеге бошотушту? Эмне, ал бажы тармагындагы коррупциянын бетин ачканы үчүн бошотулдубу? Ой, кантип түшүнбөйсүӊөр, кызматтан орден бере турган адамдарды бошотуп жатпайсыӊарбы. Сапар Жумакадыровичтин өкмөтү 4 айда мамлекетке кандай киреше алып келди. Эми күзүндө  бул өкмөттөн да, өкмөт башчысынан дагы сурайбыз, кантип иштегенин, канча каражат чогултканын», - деди депутат.