22.08.2019 17:27

Рита Карасартова: Атамбаевдики делген мүлктөрдүн көбү экс-президентке тиешеси жок экен

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Рита Карасартова: Атамбаевдики делген мүлктөрдүн көбү экс-президентке тиешеси жок экен

Өткөн жумада прокуратура Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмесин жарыялады. Алардын арасында Матросов көчөсүндө жайгашкан имараттар да бар. Башкы прокуратуранын тизмесинде 77 объект саналат: кеңселер, кампалар, цехтер, соода борборлору жана дүкөндөр, турак жай эмес тамдар, жер тилкелери, арасында темир жол да бар. Бүгүн болсо, булардын көбү же сатылып кеткени, же болбосо экс-президентке эч кандай тиешеси жок экени белгилүү болду. Бул туурасында социалдык тармактарда жарандык активист Рита Карасартова жазып чыкты.

Анын айтымында, «көзөмөлдөөчү орган эл экс-президент кандай байлыктарга ээлик кылып жүргөнүн түшүнсүн деп, чубалжыган тизме түзүүгө аракет кылганын түшүнсө болот».

«Бирок бүгүн аталган райондун салык кызматкери мүлк ээлерин жана ишкерлерди кыдырып, өз менчигин коргоп калуу үчүн мүлк өзүнө таандык экенин тастыктоочу кагаздарын көтөрүп алып, прокуратурага барууга үндөп жүрөт. Болбосо, мүлктөрүн камакка алып коюшат экен.

Эмне үчүн Прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматына барып, тергөө иштеринин алкагында документтерди көтөрүп чыгып, кайсы мүлк кимге таандык экенин тактабайт? Эмне үчүн  прокуратура ишкерлердин тынчын алып, аларды өз менчигине болгон укугун коргоого мажбурлап жатат?», -деп нааразыланат Рита Карасартова.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Башкы прокуратуранын тизмесиндеги мүлктөр аларга таандык эмес экенин айтып чыккан эле.