03.06.2019 11:38

Рита Карасартова: Коррупция менен күрөшө турган органдарды бандит катары көргөндөр көбөйө баштады

Рита Карасартова: Коррупция менен күрөшө турган органдарды бандит катары көргөндөр көбөйө баштады

"Өлкөдөгү коррупцияны - системалык реформалар гана жеңет" – Бишкектеги Ак Үйдүн алдына пландалган бүгүнкү митинг мына ушундай ураан алдында өтүүсү керек эле. Бирок, иш чарага Биринчи май райондук соту тыюу салып, катышуучулардын көбү келбей калган.

Ошентсе да, жемкорлуктун айынан жабыркаган жарандар журналисттерге көйгөйлөрүн айтып жетишти. Ал эми уюштуруучулар президентке кайрылуу калтырды. Негизги талап - бийликтин укуругуна айланып бараткан УКМКны реформалоо.

Кийинки маселе - мындай кадамга өлкө башчынын саясий эрки жетеби?