16.07.2018 14:32

Россия чет элдик футбол күйөрмандары үчүн визасыз режимди узартты

  Дүйнө чемпионаты -2018 (1 материал)
Россия чет элдик футбол күйөрмандары үчүн визасыз режимди узартты

Россия чет элдик футбол күйөрмандары үчүн визасыз режимди үстүбүздөгү жылдын  аягына дейре узартты. Бул туурасында Reuters билдирет.

Россия президенти Владимир Путин Дүйнө чемпионатынын финалдык таймашы аяктаган соң, 2018-жылдын акырына чейин чет өлкөлүк күйөрмандар Россияга визасы жок эле кире алаарын жар салды. Бул күйөрман паспортун алган чет эл жарандарына тиешелүү.

Башында бул визасыз режим финалдык беттеш бүткөндөн 10 күн өтүп токтотулаары айтылган. Документ Дүйнө чемпионаты өткөн шаарлардын коомдук унааларында  жана чемпионат өтүп жаткан шаарлардын ортосунда каттаган поездде бекер жүрүүгө мүмкүндүк берген

Дүйнө чемпионаты Россиянын 11 шаарында 14-июндан 15-июлга чейин өттү. Финалдык таймашууда Франция Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды. Таймаш Москвада «Лужники» стадионунда өттү.