11.05.2018 09:10

Россия "Евровидение" конкурсунун финалына өтпөй калды

Россия "Евровидение" конкурсунун финалына өтпөй калды

Россиялык ырчы Юлия Самойлова Португалиянын борборунда өтүп жаткан эл аралык  "Евровидение" конкурсунун финалына өтпөй калды. Бул тууралуу конкурстун сайтына кабарланды. 

10-майда экинчи жарым финал өтүп, ага 18 мамлекеттен ырчылар катышкан. Самойлова алтынчы номер менен чыгып,  I Won"t Break ырын аткарган.  Добуш берүүнүн жыйынтыгында ырчы финалга өткөн жок.  

12-майда боло турган финалга Венгрия, Сербия, Молдавия, Украина, Швеция, Австралия, Норвегия, Дания, Словения, Голландия ырчылары чыкты. 

Биринчи жарым финалда Израил, Эстония, Чехия, Австрии, Кипр, Болгария, Албания, Финляндия, Ирландия жана Литвадан келген өкүлдөр мыкты деп табылган болчу.