Социалдык өнүктүрүү министри: 5 миң 600 баланы ата-энеси туугандык байланышы жок бөтөн адамдарга таштап кеткен
5 миң 600 баланы ата-энеси бөтөн адамдарга таштап миграцияга кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында белгилүү болду.
Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, балдардын кароосуз калтырып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда.
«Миграцияда жүрүп баласын таштап кеткен ата-энелер бар. Ымыркайларды алып келип, документтерин даярдап жатабыз. Мында ата-энелердин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталууда», — дейт ал.
Улукбек Кочкоров 5 миң 600 баланы ата-энеси туугандык байланышы жок бөтөн адамдарга таштап миграцияга кетип калганын белгиледи.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: