08.06.2018 11:58

Россия футболчулары дүйнө чемпионатында жеңишке жетсе кандай сый акы алаары белгилүү болду

Россия футболчулары дүйнө чемпионатында жеңишке жетсе кандай сый акы алаары белгилүү болду

Россиянын курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетсе, кандай сыйланаары белгилүү болду. Бул туурасында «Газета.ру» билдирди. 

Станислав Черчесов башкы машыктыруучу катары эсептелген  Россиянын футбол боюнча курама командасынын футболчулары оюнда  тең чыкса,  командадагы ар бир оюнчу 7,5 миң евро алат. Эгер таймашта жеңишке жетсе, ар бирине 15 миң евродон берилет. Утулуп калган учурда акчадан кур жалак калышат.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты Россиянын 11 шаарында 14-июндан 15-июлга чейин жүрөт.  Дүйнөлүк биринчилик үчүн таймашта Россия алгач Сауд Аравия менен беттешет.  Таймаш 14-июнда «Лужники» стадионунда өтөт. 19-июнда Черчесовдун командасы Египетке каршы ойносо,  25-июнда Уругвай менен беттешет.