12.06.2019 09:41

Россия кыргыз мигранттарына пенсия төлөп баштайт

Россия кыргыз мигранттарына пенсия төлөп баштайт

Орусия Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн — Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандан келген эмгек мигранттары мекенине кайтса да, аларга пенсия төлөй баштайт. Бул тууралуу РБК агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда биримдик ичинде жарандарды пенсия менен камсыздандыруу боюнча документ даярдалууда.

Төлөм 2020-жылдан баштап жүргүзүлөт жана анын суммасы улам көбөйүп турат.

Азыркы норма боюнча Орусияда иштеп, пенсияга чыккандан кийин дагы өлкөдө жашап калган мигранттар гана пенсия ала алышат. Өз мекенине кайткандарга төлөнбөйт.

Жаңы келишим боюнча Орусияда мекенине кайткан мигранттар жана Орусиянын башка өлкөгө көчүп кеткен жарандарынын баарына пенсия төлөнөт.