26.02.2019 09:43

Россияда 18 жаштагы кыргыз жараны карактоого шектелип кармалды

Россияда 18 жаштагы кыргыз жараны карактоого шектелип кармалды

Россиянын Пенза шаарында карактоого шектелип, 18 жаштагы кыргыз жараны кармалды, деп билдирет орусиялык ЖМКлар.

Алардын маалыматына караганда, жигитти РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинде (карактоо) каралган кылмышка шектешүүдө. 

Окуя Бакунина жана Урицкий көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Белгисиз адам 33 жаштагы кишинин денесине жаракаттарды келтирүү менен 10 миң рублин уурдап кеткен.  

«Шектүү бул ишти кылганын мойнуна алды», - деп билдиришти полициядан. Ошондой эле, ал 7 жылга эркинен ажырашы мүмкүн экенин кошумчалашты.