21.08.2019 17:45

Россияда 23 жаштагы кыргыз жараны табышмактуу түрдө каза тапты. Анын өлүмүнүн жагдайлары иликтенүүдө

Россияда 23 жаштагы кыргыз жараны табышмактуу түрдө каза тапты. Анын өлүмүнүн жагдайлары иликтенүүдө

Санкт-Петербургда 23 жаштагы кыргыз жараны белгисиз бир психотроптук затка ууланып каза тапты. Бул тууралуу «Невские новости» порталы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 16-август күнү саат 02:00дө полиция бөлүмүнө «Тез жардам» кызматынан чалуу түшкөн. Дарыгерлер Фарфоровская көчөсүнөн баш мээсинен жабык жаракат алган, мээси чайкалган жана уулануу белгилери менен жаш жигит түшкөнүн айтышкан. Анын Санкт-Петербургда жана Ленинград облусунда каттоодо турбаганы маалым болгон. 

Анын  өлүмү тууралуу 19-августта белгилүү болду. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.