27.03.2018 09:31

Кемерово облусунда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Кемерово облусунда  3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Кемерово облусунда соода борборунан чыккан өрттөн каза болгондордун элесине аза күтүү жарыяланды. «Аза күтүү  27, 28, 29-мартта өтөт.  Бул тууралуу буйрукка облус губернатору Аман Тулеев кол койду. Облус аймагында бул күндөрү мамлекеттик   жана облус желектери түшүрүлөт», — деп жазылат маалыматта.  Жергиликтүү бийлик бардык көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтотууну сунушташты.

 Акыркы маалыматтар боюнча, Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода-көңүл ачуучу борборунан  чыккан өрттөн   64 адам каза таап, 52 адам  жабыр тартты, 13 адам ооруканада.  Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Жалын соода  борбордун акыркы, төртүнчү кабатынан тутанган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, батут бөлмөсүндө ойноп жаткан балдардын биринде жандыргыч болгон. Аны ойноп иштетүү өрттүн чыгышына себеп болгон деген пикирлер айтылууда.  Жалын андан  ары  балдар бассейниндеги поролондон күчөгөн.  Өрттөнгөн аянт 1500 чарчы метрди түздү. Эки кинозалдын шыптары түшүп кеткен.

Өрт чыккан маалда балдар оюн бөлмөсүндө адамдар болгон. . Россиянын ӨК министри Владимир Пучков билдиргендей,  он алты адам дайынсыз жоголгондордун катарында. Куткаруучулар бардыгы болуп, 100 адамды алып чыгышты.  Соода борбордун 3-кабатында контакттык зоопарк болгон,  бирок ал жайдагы  200 жаныбарды куткарууга үлгүрүшкөн жок.

РФ Премьер-министри   Дмитрий Медведев өкмөт өрттөн каза тапкан ар бир  жаран үчүн  1 млн рублдан төлөп берерин билдирди.  Мурдараак Кемерово облусунун бийлиги бардык курман болгондорду жерге берүү жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө  каражат бөлүп берерин жарыялаган.