20.08.2019 10:40

Россияда 4 кыргыз жараны жол кырсыгына кабылды (видео)

Россияда 4 кыргыз жараны жол кырсыгына кабылды (видео)

Москва облусундагы Мытищи шаарында 4 кыргызстандык жабыркады. Бул туурасында КР Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Жол кырсыгы 17-августта болжол менен саат 19:30да болгон. Audi унаасын башкарып бараткан кыргызстандык М.М. рулга ээ боло албай калып, жол боюнда турган фураны сүзгөн.

Унаада айдоочудан башка дагы 3 кыргыз жараны болгон. Баары тең Мытищи шаардык клиникалык ооруканага жаткырылган.

Дарыгерлердин айтымында, 3 кыргызстандыктын абалы өтө оор. Айдоочунун абалы туруктуу, ал травматология бөлүмүнө которулду.

Россиялык ЖМКлар Audi айдоочусу кырсык маалында мас абалында болгонун жазышууда.

 
АБАЙЛАҢЫЗДАР! ВИДЕОНУ СЕЗИМТАЛ АДАМДАРГА КӨРҮҮГӨ БОЛБОЙТ!
Видеону көрүү үчүн "V" тырмакчасына басыңыздар.