29.10.2018 10:39

Россияда цирк оюндары учурунда арстан 3 жаштагы кызга кол салды

Россияда цирк оюндары учурунда арстан 3 жаштагы кызга кол салды

Краснодар аймагында цирк оюндары учурунда арстан 3 жашар кызга кол салды, деп билдирет  РИА Новости.  

Кырсык Армавир шаарына жакын жайгашкан Успенский айылында болгон. Жапайы жаныбарлар катышкан көрсөтүү учурунда элге өз өнөрүн тартуулап жаткан арстан кокустан жинденип кеткен.

Ал алдыңкы катарда апасы менен отурган 3 жаштагы кызга бир секирип жетип, аны сахнага сүйрөгөн. Күбөлөрдүн айтымында, арстан кызды колунан тиштеп, тор аркылуу алып өтүп, башын оозуна салган. 

Бети тилинип, дагы башка жаракаттарды алган кызды райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Учурд анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бул факт боюнча кылмыш иш ачылды.