25.05.2018 09:30

Россияда эжесинин сөөгүн кескилеп, унитазга агызып жиберген жаран кармалды

Россияда эжесинин сөөгүн кескилеп, унитазга агызып жиберген жаран кармалды

Россиянын Домодедово шаарында 59 жаштагы тургун өз эжесин өлтүрүүгө шектелип кармалды. Буга чейин укук коргоо органынын кызматкерлери канализациядан адамдын дене бөлүктөрүн табышкан. Окуянын чоо-жайын «МК» жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, 24-май күнү Закир аттуу сантехникке башкы инженери шаардагы Курыжов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн биринин түтүгүн оңдоп келүүнү табыштаган. Айтылган жерге келген жумушчу лифтти суу каптап жатканын көргөн.

«Мен суунун агышын токтотуу үчүн үйдүн жертөлөсүнө түшүп, ал жактан үрөй учурган көрүнүштү көрдүм. Бир түтүктөн кандуу суу агып жатты, арасында эттин кесимдери бар эле. Буга чейин кишинин жиликтенген сөөгүн көрбөсөм да, эмнегедер бул адам экенин дароо түшүндүм. Ал эми оң жагымдагы түтүктөн аялдын колунун манжалары чыгып туруптур», - деп билдирген сантехник.

Ал дароо полицияга кабарлаган. Аз убакытта келе калган тартип сакчысы экөө батирлерди кыдырып башташкан.

«6-кабаттан бизге эшикти жашап калган киши ачты. Полиция кызматкери андан батирди текшерүүгө уруксаат сурады. Мен дароо эле жуунуучу бөлмөгө кирип, ал жактан канга боёлгон душтун пардасын көрдүм. Анын жанында ар кандай жуучу каражаттар жана пакет туруптур. Мен пакетти ача салып, дендароо боло түштүм— анда аялдын кесилген башы бар экен», -деп эскерет жумушчу.  

Батир ээсин тартип сакчылар полиция участогунун бөлүмүнө жеткиришти. Суракта 59 жаштагы жаран бир жылдан бери 64 жаштагы эжеси менен чогуу бул үйдө жашап келатканын билдирген. Окуя болоордун алдында экөө уруша кетишип, ал эжесин түртүп жиберген. Эшиктин босогосуна башы менен тийген аял каза болгон. Жоопкерчиликтен корккон иниси денени майда бөлүктөргө бөлүп, унитазга агызып жиберүүнү чечкен. Полицияга шектүү жаран эжесинин денесинен мындай жол менен кутулуунун дагы бир себеби катары —сөөк көмүүгө каражатынын жоктугун атады.