19.10.2018 15:02

Россияда генерал-майордун унаасы мигрантты сүзүп кетти. Жабырлануучу кыргыз экени айтылууда

Россияда генерал-майордун унаасы мигрантты сүзүп кетти. Жабырлануучу кыргыз экени айтылууда

Россия ИИМинин генерал-майору Юрий Девяткин 18-октябрь күнү айдоочусу менен баратып, Москва шаарынын борборунда мигрантты коюп кетти. Башынан жаракат алган адам ооруканага жеткирилди, деп жазат «МК».

Москва шаардык баңгизаттарынын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси, 42 жаштагы  Юрий Девяткин атайын үн белгилер менен жабдылган «Тойота Камри» унаасында жүргүнчү катары кетип бараткан. Рулда 33 жаштагы прапорщик болгон. 

Унаа сүзүп алган адам 23 жаштагы кыргызстандык жаран экени айтылууда. Ал досу менен жолдун жөө адамдар кесип өтүүгө болбогон бөлүгүнөн чуркап чыга калган.  Жакынкы өтмөк ал жерден 150 метр алыстыкта болгону айтылат. 

Жабырлануучу 1-шаардык ооруканага жөнөтүлгөн. Анын баш мээси чайкалып, чекеси көгөргөн. 

КРнын Россиядагы Элчилиги April.kg порталына жабырлануучунун жарандыгын тактап жатышканын билдирди.