19.12.2018 10:02

Россияда ичинде 26 кыргызстандык бараткан 7 орундуу кичи автобус токтотулду

Россияда ичинде 26 кыргызстандык бараткан 7 орундуу кичи автобус токтотулду

Красноярск аймагынын Боготольский районунда инспекторлор ичинде 26 кыргызстандык бара жаткан 7 орундук кичи автобусту токтотушту. Бул туурасында орусиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматта, айдоочу мынча көп адамды батырыш үчүн салонду эки кабат кылып жасап чыккан. 

Унаа атайын унаа токтотуучу жайга токтотулуп, кыргызстандыктарды поезд менен кайра мекенине жөнөтүп жиберишти. Кичи автобустун ичинде тандыр да болгон. 

Амалкөй ишкер ташып жеткирүүнүн эрежесин бузганы, автобустун түзүлүшүн өзгөрткөнү жана мыйзамсыз ишмердиги үчүн жазаланат. 

Эскерте кетсек, август айларында  April.kg порталынын кабарчысы Бишкектин Батыш автобекетинен ушуга окшош көрүнүшкө күбө болгон: айдоочу плацкарт вагондоруна окшоштуруп жасалган маршруттук таксисине жүргүнчүлөрдү салып жаткан.

Күбө айткандай, бул - бекетте адаттагы көрүнүш. Мындай маршруттук таксилер Кыргызстандын түштүгүнө - Лейлек, Баткен, Кадамжайга катташат. Кишилердин ортосуна жүк салынат. Орун үнөмдөлгөн менен, кооптуу.  

Көрүнүп тургандай, мекендештер жүргүнчү ташуунун мындай үнөмдүү жолун мамлекеттер аралык каттамда да колдонушат экен.