24.08.2018 09:00

Россияда ит өз ээсин кылмышкерден коргоп калды

Россияда ит өз ээсин кылмышкерден коргоп калды

Россиянын Ленинград облусунда питбуль өзүнүн ээсин жагымсыз окуядан коргоп калды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Окуя 22-август күнү Сясьстрой шаарында күндүзгү маалда болгон. Итин көчөгө сейилге алып чыккан кызга бейтааныш адам келип, бутунан тартып, токой тарапка сүйрөгөн. Аны менен бирге кызды таяк менен чапкылаган.

Ошол учурда тумшук кабын кемирип ийген ит зордукчулга асылган. Иттин аракети кызды аман-эсен алып калып, белгисиз адам токой аралап качып кеткен.

Эми полиция кызматкерлери жаагында татуировкасы бар сакалчан кишиге издөө салышты.