24.05.2019 17:00

Россияда каза тапкан кыргыз аялдын өлүмүнүн себептери экспертизадан кийин анык болот

Россияда каза тапкан кыргыз аялдын өлүмүнүн себептери экспертизадан кийин анык болот

Россияда каза тапкан кыргыз аялдын өлүмүнүн себептери экспертизадан кийин анык болот. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Кечээ, 23-майда жергиликтүү ЖМКларда Москвадагы батирде кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат жарыяланган. Анда, 21- май күнү Россиянын борборундагы көп кабаттуу турак-жайдын батиринде жашаган аял кишинин жансыз денесинин табылгандыгы жана батирден баалуу буюмдар жоголуп кеткендиги маалымдалган.

КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү мындай фактынын болгонун тастыктады. Маалыматка караганда,  Россиянын Пресненск району боюнча нөөмөт
бөлүгүнө 2019-жылдын 19-май күнү саат 23:10 чамасында билдирүү түшкөн.

Полиция кызматкерлери келген учурда 1979-жылы туулган К.З. аттуу кыргыз аялдын күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилери жок жансыз денеси табылган. Ал Россиянын жараны болуп эсептелип, Тверь облусунун Сонков районунун Полнино айылында катталган.

«Учурда бул факт боюнча тергөө бөлүмү текшерүү жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертизалар, анын ичинде өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча медициналык эспертиза дайындалып, анын
корутундусу чыккандан кийин чаралар көрүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы кийинчерээк билинет. Азыркы учурда К.З. аттуунун туугандары “ЖҮК-200” кичи мекенине жөнөтүштү. Аталган факты КР ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү көзөмөлүндө», -дейт ИИМ.