31.05.2019 09:54

Россияда кыргыз паспорту менен жүргөн өзбек жараны кармалды

Россияда кыргыз паспорту менен жүргөн өзбек жараны кармалды

Россиянын Петропавловск-Камчатский шаарында чек арачылар кыргыз жаранынын паспорту менен мыйзамсыз жүргөн мигрантты аныкташты. Ал мурда жарым аралдан Өзбекстан жараны катары чыгарылып ташталган болчу, деп билдирет орус басылмалары. 

«Мурда Камчатка аймагынын сотунун чечими менен Россия аймагынан чыгарылган өзбек жараны кайра бул аймакта пайда болду. Текшерүү иштери учурунда андан маалыматты өзгөрүлгөн Кыргызстан жаранынын паспорту табылган», - дешти чек ара башкармалыгынан. 

«Билип туруп жасалма документ колдонуу» беренеси менен иштин материалдары Россиянын Камчатка аймагынын полициясына өткөрүлүп берилди.