16.10.2019 09:00

Россияда кыргыз жараны инспекторго пара берүү аракети үчүн кармалды

Россияда кыргыз жараны инспекторго пара берүү аракети үчүн кармалды

Россияда кыргыз жараны жол-кайгуул кызматынын кызматкерине пара берүүгө аракет кылды. Бул туурасында «МК — Урал. Свердловская и Курганская область». басылмасы жазып чыкты.

Жол кыймылынын коопсуздугу башкы инспекциясынын аймактык башкармалыгынын маалыматына караганда, жол полициясынын кызматкерлери  Курган облусунун Макушин районунда кыргыз жараны башкарып бараткан «Мазда» унаасын токтоткон. 

Анын айдоочулук күбөлүгү жок болгон. Жүргүнчү катары отуруп келаткан унаа ээси (аял) инспекторго протокол түзбөш үчүн 5 миң теңге сунуштаган. Бул факт тууралуу полиция кызматкери нөөмөт бөлүмүнө кабарлаган. 

Кыргызстан жаранына карата кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатканы кабарланат.