08.02.2019 10:16

Россияда кыргыз үй-бүлөнүн кичинекей эки кызы өрттөн жабыркады

Россияда кыргыз үй-бүлөнүн кичинекей эки кызы өрттөн жабыркады

Россияда кыргыз үй-бүлөнүн кичинекей эки кызы өрттөн жабыркады. Бул туурасында «Москва» шаар  жаңылыктары агенттиги жазып чыкты. 

Кырсык 6-февраль күнү Москванын батышындагы  Родникова көчөсүндөгү курулуш жүрүп жаткан жерде болгон. «Күйүп жаткан вагондон жумушчулар эки кызды сактап калышты. 7 айлык кыздын бети жана манжалары, ал эми 3 жаштагы эжесинин бети, кулак калканы, манжалары жана таманы күйгөн. Балдарды хирургиялык жандандыруу  бөлүмүнө жеткиришкен», - деп жазат агенттик. 

Маалыматка караганда, куруу иштери жүрүп жаткан жерге орнотулган вагон «Солнцево» электродепосуна караган. Өрттү депонун жумушчулары өздөрү өчүрүп, балдарды куткарып калышкан. Алдын-ала маалыматка караганда, жалын электр приборлорун этиятсыз колдонуудан чыккан. Ошондой эле, кыздардын ата-энеси кимдер экени такталган. Алар Москванын 3-Михайловский көчөсүндө жашаган 30 жана 22 жаштагы кыргыздар болгон.  

Тергөө комитетинин кызматкерлери өрттүн келип чыгуу жагдайын жана балдар эмне себептен вагондо болуп калганын, бул убакта алардын ата-энелери кайда жүргөнүн териштирүүдө.