02.05.2018 09:44

Россияда киши колдуу болгон кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Россияда киши колдуу болгон кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Россиянын Кировск шаарында киши колдуу болуп өлгөн адамдын денеси табылды. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери ал Россияда мыйзамсыз жүргөн 41 жаштагы Кыргызстан жараны экенин аныкташты. Бул тууралуу Россия ИИМинин аталган аймактагы башкы башкармалыгынан билдиришти.  

Маркумдун башында алган жаракаттарынын издери бар. Учурда "Киши өлтүрүү"  беренеси боюнча кылмыш иши козголду.