05.11.2019 16:18

Россияда кытай жаранынын өлүмүнө айыпталган кыргыз 10 жылга кесилди (видео)

Россияда кытай жаранынын өлүмүнө айыпталган кыргыз 10 жылга кесилди (видео)

Иркутск облусунда жетекчисинин өлүмүнө айыпталган 28 жаштагы кыргыз жараны 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 2018-жылы 27-октябрдан 28-октябрга караган түнү Гайратбек Ульмасов Усть-Илимск шаарындагы жайгашкан «Трейд Экспорт» ЖЧКсынын аймагына уурданып кирип, өзүнүн мурунку жетекчиси, кытай жаранын металл түтүк менен  бир нече жолу башка чапкан.

Жабырлануучу алган жаракаттарынан жеринде көз жумган. Шектүү из жашырып кетип, бир нече күндөн кийин Россиянын аймагынан чыгып кеткен.

Укук коргоочулар ага издөө жарыялап, көп убакыт өтпөй Ульмасов Новосибирскке учуп келгенде кармалды. Сот аны күнөөлүү деп таап, 10 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөй турганын айтты.