24.12.2018 10:44

Россияда курулушта иштеген кыргыз жараны бетон плита басып калып каза тапты

Россияда курулушта иштеген кыргыз  жараны бетон плита басып калып каза тапты

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында курулушта иштеп жаткан кыргыз жаранынын үстүнө бетон плита түшүп кетип, каза тапты.  Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Эскерте кетсек, кырсык 21-декабрда 22:30да «Сетл Сити» курулуш аянтчасында болгон. 8-кабаттан кулаган бетон плита жалданма уюмдун жумушчусу, 23 жаштагы тажик жаранын басып калган. Ал жеринде каза болгон.

Ошол эле плита башка тажик жаранын оор жарадар кылган. 26 жаштагы курулушчу №26 ооруканага жеткирилип, операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.  

22-декабрь күнү эртең менен 9:00 чамасында  урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатканда дагы бир 38 жаштагы кыргыз жаранынын жансыз денеси табылган.

«3 мигрант тең жеке фирмалар аркылуу жалданып иштеп, курулуш аймагында жайгашкан вагондордо жашап жүрүшкөн», - деп айтылат маалыматта.