30.10.2018 16:51

Россияда көчмө цирктин жетекчиси кармалды: Оюн учурунда арстан кичине кызга кол салган

Россияда көчмө цирктин жетекчиси кармалды: Оюн учурунда арстан кичине кызга кол салган

Россиянын Красноярск аймагында 3 жаштагы кызга арстан кол салган учур боюнча көчмө цирктин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Россиянын аталган аймак боюнча Тергөө комитетинен билдиришти. 

Эскерте кетсек, 28-октябрь күнү Армавир шаарына жакын жайгашкан Успенский айылында арстан тосулган тордон өтүп, алдыңкы катарда отурган 3-4 жаштагы кызга кол салган. Жыйынтыгында, кыздын бети тытылып, дагы башка жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Учурда ал медициналык жардам алууда.

Көчмө цирктин 51 жаштагы жетекчиси кармалды, баш коргоо чарасы катары камакка алуу маселеси каралууда. Анын цирк иштетүүгө уруксаат берүүчү документтери бары-жогу текшерилип жатат.  

Териштирүү иштери уланууда.