22.10.2018 14:17

Россияда метронун жанында мигрант жигитти атып кетишти

Россияда метронун жанында мигрант жигитти атып кетишти

Россиянын Калинин районунда мигрант жигитти атып кетишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, 22-октябрь түнү №3 шаардык оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө 24 жаштагы тажик жараны кайрылган. Анын төшүнө ок жегендиги аныкталып, дароо операцияга жаткырылган.

Өзүнө келген мигрант ага «Площадь Мужества» метросунун жанынан 3 бейтааныш адам кол салганын айтып берген. Алар алгач тамеки сурашкан, анан сабап башташкан. Бир маалда бирөөсү травматикалык тапанча алып чыгып, тажик жаранын атып жиберген.

Басылманын маалыматына караганда, мигрант Россиянын аймагында мыйзамдуу жүргөн, Петербурга убактылуу каттоого турган.