30.03.2018 15:29

Россияда мигранттарга электрондук билерик тагуу сунушталды

Россияда мигранттарга электрондук билерик тагуу сунушталды

Россияда Мамлекеттик Дума депутаты жарандык коомду өнүктүрүү комитетинин жыйынында эмгек мигранттарына чип тагууну сунуштады. Бул тууралуу Максим Иванов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эл өкүлүнүн мындай сунушу колдонуучулар тарабынан сынга кабылып, кийинчерээк депутат кеп  маалымат алып жүрүүчү электрондук билериктер жөнүндө экенин түшүндүрдү.

Айтымында, мигранттарга өзү  тууралуу  бардык маалыматты камтыган чиптери бар билериктерди тагуу тажрыйбасын киргизүү зарыл. Бул чара аталган жаатта көзөмөлдү күчөтүүгө жардам берет деп эсептейт Максим Иванов.

 “Билерикте ким, качан келгени, ким тарабынан чакырылганы, канынын группасы, кайсы оорулар менен ооруганы жазылат. Азыр алар өзү менен толгон-токой документти көтөрүп жүрүшү керек. Жоготуп алышса, накта азап. Билериктер алар үчүн дагы ыңгайлуу эмеспи”, -деп жазган депутат.  

Эскерте кетсек, 2013-жылы Коомдук палата дагы мындай демилге менен чыккан болчу.