04.11.2019 09:20

Россияда мыйзамсыз жүргөн 25 жаштагы кыргыз жараны жол кырсыгынан каза тапты

Россияда мыйзамсыз жүргөн 25 жаштагы кыргыз жараны  жол кырсыгынан каза тапты

Россияда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жараны Ленинград облусундагы жол кырсыгынан каза тапты. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, авария 2-ноябрда саат 3:00 чамаларында Парголово – Огоньки унаа жолунун 26-чакырымында орун алган.  «Судзуки Гранд Витара» унаасы менен «Шкода Октавия» унаалары кагышып, «Шкоданын» 60 жаштагы айдоочусу ооруканада каза тапты. 

«Судзуки» унаасынын 25 жаштагы айдоочусу алган жаракаттарынан кырсык болгон жерде каза тапкан. Ал Кыргызстандан барганы, бир нече жолу административдик жаза алгандыктан, 2022-жылдын январына чейин Россияга кирүүгө тыюу салынганы аныкталды.

Жол кырсыгынын себептери такталууда. Бирок «Судзуки» каршы жолго чыга калганы айтылууда.