23.01.2019 17:03

Россияда сүннөткө отургузулган кыргыз бала оор абалда ооруканага жаткырылды

Россияда сүннөткө отургузулган кыргыз бала оор абалда ооруканага жаткырылды

Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык баланы сүннөткө отургузуу ийгиликсиз аяктап, ал оор абалда ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Орусия ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 5 жаштагы кыргыз жаранын апасы 22-январь күнү түнкү саат 2:00лерде ооруканага алып келген. Көп кан жоготуп, 2 -даражадагы анемия менен келген баланы дарыгерлер дароо жаткырышкан.  

Баланын атасы, 31 жаштагы мигрант 20-январь күнү уулун Спасский чолок көчөсүндөгү бир батирге алып барып, бейтааныш дарыгерге ырымдатканын моюнуна алган.  

Учурда бул факт боюнча текшерүү жүрүүдө.