18.05.2018 13:52

Россияда тургун таштанды өрттөйм деп жатып, 13 үйдү өрттөп алды

Россияда тургун таштанды өрттөйм деп жатып, 13 үйдү өрттөп алды

Россиянын Свердлов районунун Черный Яр кыштагында дача тургуну өз тилкесиндеги таштандыны өрттөйм деп жатып, кокусунан 4 киши жашаган 3 үйдү жана кароосуз калган 10  турак-жайды өрттөп алды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Кыштак тургуну үйдүн жанында от жагып, ал кургак чөптөр аркылуу кошуна үйлөргө жармашкан. Бүт кыштак өрттөнүп кетүү коркунучу жаралып, мындан улам өрттү өчүрүүгө 40 адам, 7 техника жана тик учак тартылган.

Калктуу жердеги тилсиз жоону жеңген соң өрт өчүрүүчүлөр токойдогу жалынды өчүрүүгө киришти, жалын кургак чөп менен бул токойго да жеткен эле. Жалпысынан 10 гектар токой аянты күйүп кетти.

Учурда өрт өчүрүлүп, жалын тарап кетүү коркунучу жок деп жазылат маалыматта. 

Үйлөрү күйүп кеткен тургундарга жергиликтүү бийлик коңшу айылдан баш калкалоочу жай таап берди.