04.07.2018 15:01

Россияда VIP- кардардын эсебинен 40 миллион рубль уурдаган банк кызматкерлери кармалды

Россияда VIP- кардардын эсебинен 40 миллион рубль уурдаган банк кызматкерлери кармалды

Россиянын укук коргоо органынын кызматкерлери  Санкт-Петербург шаарындагы Сбербанктын VIP- кардарынын эсебинен 40 млн рубль уурдаган шылуундар тобунун ишмердигинин алдын алышты. Кармалгандардын арасында Банк кызматкерлери дагы бар, деп билдирет «Интерфакс».  

«Укук коргоо кызматкерлери Санкт-Петербург жана  Нижний Новгород  шаарларында кылмыштуу топтун тогуз мүчөсүн кармады. Алар  банктын  VIP-кардарынын эсебинен ири суммадагы акча уурдашкан. Муну кардардын акча каражатын сактык сертификаттарга которуу менен ишке ашырышкан», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар арасында банктын бир нече кызматкери да болгон. «Шектүүлөр кардардын жеке эсебинен 40 млн рублге жакын акчаны сактык сертификаттарга которуп, аны Санкт-Петербургдагы банк бөлүмдөрүнөн накталай акчага алмаштырууну көздөшкөн», — деп билдирет булак.

Бул факт боюнча кылмыш  иши ачылды.

Банк өз кезегинде кызматкерлерин жумуштан бошотуп, кардарга акчасын толук кайтарып бергенин  билдирди.