11.10.2018 09:00

Россияда жаран батирин апасы менен чогуу сатыкка койду

Россияда жаран батирин апасы менен чогуу сатыкка койду

Москва шаарынын жашоочусу эки бөлмөлүү батирин сатыкка койду. Ал жерде анын 82 жашка чыккан апасы катталган жана азыркыга чейин жашап келет. Өзү болсо, батирдин кожоюну болгону менен  аялы жана баласы менен Эквадордо жашайт, деп билдирет «360».

Наталья Иосифовна Малицкая Москванын борборундагы батирде 70-жылдын башынан бери жашайт. Өзүнүн уулу Александрды ушул үйдө тарбиялап, чоңойткон. Аялдын айтымында, баласы эч нерседен кем болбой, эне мээримине бөлөнүп өскөн. «Аябай жакшы бала болчу. Эмне болгонун билбейм, такыр башкача болуп калды. Мен муну түшүндүрө да албайм», — деп кайгырат Наталья.

Кемпир уулун акыркы жолу 6 жыл мурун көргөн. Пенсионер жазылган батиринде жашап калуу үчүн сотко да кайрылган, бирок акыркы аппеляцияда утулуп калды. Эми кыймылсыз мүлк кайра агенттиктердин сайттарында сатыкка коюлду.  

Эгер батир сатыла турган болсо, мыйзам кемпирдин ал үйдө жашап турушуна уруксаат берет. Бирок, кары адамдын жактоочусу анын тагдыры үчүн кайгырып келет.  

«Азыр карыларды эле эмес, кичинекей балдарды деле көчөгө ыргытып коюшат. Биз мындай учурда эптеп күн көрүп кеткенге жардам бере турган кошуналардан табууга аракет кылышыбыз керек», — дейт жактоочу. 

Юридикалык тил менен айтканда мындай батир «жүгү менен» деп аталат. Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин сайтында: «Катталган (жазылган жана жашап жаткан) адамы бар батир сатылат» деп жазылып турат. Бул, кардар кошуна бөлмөдө чоочун бирөө жашай турганына даяр болушу керек дегенди билдирет. Бул үчүн батирдин баасы дээрлик эки эсе түшүрүлдү. Аталган райондо дал ушундай батирлер 10 млн. рубль турса, Александр Малицкий апасы бар батир үчүн 6,5 млн. рубль суроодо.