06.03.2019 09:38

Россияда жети кыргызстандык өрттөн жабыркады, төртөө - оор абалда

Россияда жети кыргызстандык өрттөн жабыркады, төртөө - оор абалда

Россияда айнек идиштерди чыгарган заводдон өрт чыгып, 7 адам ооруканага жаткырылды. Бул туурасында ТАСС билдирди.

Кырсык Владимир облусундагы Гороховец шаарында болуп өткөн. Аймактын администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жабыркагандардын баары Кыргызстан жарандары. Алардын экөө Гороховец шаарында жашайт, калган бешөөнүн Россия аймагында мыйзамдуу жүргөнү текшерилүүдө.

Төрт адам оор абалда, үчөөнүн абалы - орточо оор. Күйүк алган төрт адам реанимобиль менен Нижний Новгородго жөнөтүлдү. 

Белгилей кетсек, өрт айнек идиш чыгарган «Русджам» заводунун аймагында турган курулуш вагонунда чыккан. 4 чарчы метрди чулгаган жалынды өрт өчүрүүчүлөр келгенче эле өчүрүп коюшкан.

Алдын ала маалыматка караганда, өрт сырдоочу материалдардан чыккан. Бул факт боюнча тергөө иштери башталды.