04.06.2019 13:57

Россияда үч кыргыз жараны баңгизат сатууга айыпталып, түрмөгө кесилди

Россияда үч кыргыз жараны баңгизат сатууга айыпталып, түрмөгө кесилди

Россиянын Ставрополь аймагында 3 кыргыз жараны түрмөгө камалды. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыгышты.

Тергөөнүн маалыматына караганда, алар Москвадан Ставрополь шаарына ири өлчөмдөгү баңгизаттарын жеткирип турушкан. Ыкчам операциянын жүрүшүндө, шылуундар жарым килограмм баңгизат алып бараткан жеринен колго түшүрүшкөн. 

Минеральные Воды шаардык сотунун чечими менен кыргыз жарандары 7-10 жыл катаал режимдеги абакта жаза өтөшмөкчү.