04.02.2019 10:40

Россияда үлпөт тойго бараткан кыргызстандыктарды өлүмдөн сактап калышты

Россияда үлпөт тойго бараткан кыргызстандыктарды өлүмдөн сактап калышты

Тюмень облусунда туугандарынын үйлөнүү тоюна бараткан 9 кыргызстандык жаран өлүмдөн аман калды. Бул туурасында ЖМКлар билдиришти. 

Маалыматка караганда, аягы жаман бүтүшү мүмкүн болгон окуя 31-январь күнү болуп өткөн. Тюмень-Ханты-Мансийск федералдык унаа жолунун 410-чакырымында  5 эркек жана 4 аял бара жаткан кичи автобустун генератору сынып, жүргүнчүлөр -30 градус суукта жолдо калышкан. 

Жардамга тюмендик куткаруучулар – федералдык өрт өчүрүү кызматынын 23-отрядынын 140- өрт өчүрүүчү-куткаруучу  бөлүгүнүн кызматкерлери келишкен.

«Жакынкы унаа оңдоочу жана баш калкалай туруучу жай окуя болгон жерден 25 чакырым алыстыкта болчу. Ремонт кылуучу жерге чейин 20 мүнөттө жеткирип койдук. Баары аман-эсен», -деп билдирген күзөттүн жетекчиси Эдуард Поляков.