16.07.2018 16:39

Россияда үйгө жетүүнүн өзгөчө жолун тандаган тургун ажал тапты (видео)

Россияда үйгө жетүүнүн өзгөчө жолун тандаган  тургун ажал тапты (видео)

Россиянын Владивосток шаарында электр чубалгылары аркылуу бир үйдөн экинчи үйгө өтүүгө аракет кылган жаран 9 кабат үйдүн бийиктигиндей жерден учуп түштү. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Кырсык 15-июль күнү болуп өткөн. Жергиликтүү тургун электр зымдары аркылуу бир үйдөн экинчи үйгө өтүүнү чечкен. Бул убакта чогулуп калган тургундар үйгө жетүүнүн өзгөчө ыкмасын колдонгон жаранды таң калуу менен карап турушкан. 

Кармана албай учуп түшкөн киши алгач ылдыйда турган унаага бир тийип, андан соң жерге кулаган. Чакырылган тез жардам кызматы анын алган жаракаттарынан улам жеринде каза тапканын тастыкташты.