29.07.2019 09:30

Россиядагы элчилик дайынсыз кеткен мигранттарды издөөгө жардамдашат

Россиядагы элчилик дайынсыз кеткен мигранттарды издөөгө жардамдашат

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кыргызстандыктарга Россияга бараардан мурун www.ssm.gov.kg сайты аркылуу өздөрүн кара тизмеден карап алууну сунуштады. 

«Эгер сиздер Россияга барууну пландап жатсаңыздар, билет алаардан мурун Мамлекеттик миграциялык кызматтын www.ssm.gov.kg расмий сайтына кирип, «Миграциялык амнистия-2019» бөлүмүнөн өзүңүздөрдү карап алыңыздар.  Бул депортация болууну, акчаңызды, убактыңызды жана ден соолугуңузду бекер коротуунун алдын алат» - деп жазылат Мамлекеттик миграциялык кызматтын тараткан билдирүүсүндө. 

Эгер кыргыз жараны өзүн кара тизмеден тапса, кошумча сунуштама алуу үчүн  www.elchi.ru расмий блогу аркылуу Кыргызстандын Россиядагы элчисине онлайн-чаттын жардамы менен кайрылса болот.  Ал жактан билдирүүңүздү жана макамыңызды тактоо үчүн, ошондой эле Россиянын жабык кара тизмесинен чыгаруу үчүн паспортуңуздун электрондук көчүрмөсүн жөнөтө аласыз. 

Андан тышкары, досторуңуз, туугандарыңыз же жакындарыңыз көптөн бери байланышка чыкпай жатса, же дайынсыз жоголсо, дал ушул www.elchi.ru сайты аркылуу Элчинин жеке өзүнө кайрылып, дайынын билүүгө жардам сурасаңыз болот. 

Бул үчүн жоголгон адамдын толук аты-жөнүн, туулган жылын, туулган жерин, акыркы жолу кайда иштеп-жашаганын, РФга кирген убактысын жазып, паспортунун сүрөтүн жана электрондук көчүрмөсүн тиркеш керек.