13.11.2019 10:41

Россияга кетип дайынсыз жоголгон кыргыз жаранынын күйүп калган сөөгү табылды

Россияга кетип дайынсыз жоголгон кыргыз жаранынын күйүп калган сөөгү табылды

2019-жылдын октябрь айында Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана  ИИМдин РФдеги өкүлүнө 44 жаштагы Ж.М. аттуу жаран дайынсыз жоголгон уулун табышуу өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, арыздануучунун 18 жаштагы уулу Ж.Д. ушул жылдын август айында иш издеп Россияга кеткен. Сентябрдын аяк ченинде Тверь облусунун Иваньков суу сактагыч аралдарынын биринде жайгашкан эс алуу базасында кароолчу болуп иштеп баштаганын кабарлаган. Октябрь айынын башынан тартып, дайынсыз кеткен.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталып, аялдын арызы Тверь облусунун жергиликтүү полиция бөлүмүндө катталганы маалым болгон.

Бул арада Иваньков суу сактагыч аралдарынын биринде өрт чыгып, окуя болгон жерде белгисиз адамдын сөөгүнүн күйүп калган калдыктары табылганы, материал Россиянын ТКнын аймактык тергөө бөлүмүндө өндүрүштө экендиги маалым болгон. Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө Ж.Д. менен байланышта болгондор суралып, аны өрт чыккан жердеги иш ордунда көрүшкөнүн жана кайтып келбегенин билдиришкен.

Сөөктүн калдыктары кимге таандык экендигин аныктоо үчүн молекулярдык-генетикалык экспертиза дайындалып, уулун издеп жүргөн аялдан да үлгүлөр алынган. Экспертизанын жыйынтыгы күйүп калган сөөк аялдын баласына таандык экенин тастыктады. Учурда денени мекенине жөнөтүү маселеси чечилип жатат.