13.11.2018 17:57
Россияга кеткен эмгек мигранттарынын саны боюнча Кыргызстан 4-орунду ээледи
2018-жылдын башынан тартып, Россияга кеткен жарандардын саны боюнча тизмеде Кыргызстан 4-орунду ээледи. Январдан бери өлкөбүздөн 247 миң 658 адам барган. Бул туурасында «Россия мигранттарынын федерациясы» коомдук уюму билдирди.
Бул тизмеде биринчи орунду Өзбекстан ээлейт. Январдан сентябрга чейин Россияга аталган мамлекеттен 3 млн 400 миңден ашык жаран кеткен, алардын 1 млн 573 миң 791 адамы - иш издеп кеткендер.
Экинчи орунда — Таджикистан, ал жактан Россияга 1 млн 745 миң 554 адам барган, алардын 790 миң 116сы иштөө үчүн кеткендер.
3-орунда- Украина, бул мамлекеттен 347 миң 272 адам ишке орношуу үчүн Россияга кирген.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: