14.08.2018 11:01

Россиялык альпинист кыргыз тоолорунан каза тапты

Россиялык альпинист кыргыз тоолорунан каза тапты

Уралдык альпинист Кирилл Воронков Кыргызстандын тоолорунда каза тапты. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы жигит тажрыйбалуу альпинисттердин катарында болуп, көп ирет аскаларга чыгып жүргөн. Анын кезектеги Алтай тоо кыркасы жана Чоң-Алайга болгон сапары кырсык менен аяктады.

«12-августта Кирилл достору менен Түштүк Гаджир ашуусунан өтүп бара жатканда, таштар түшүп баштаган. Досторуна коркунуч тууралуу эскерткен Кирилл өзү өткөнгө үлгүрбөй калган», -деп жазылат маалыматта.

Кыргыстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги April.kg порталына азырынча бул тууралуу кабары жок экенин билдирди. «Адатта мындай маалыматтар бизге түшүп турат, бирок бул ирет эч ким кайрылган жок», -дешти министрликтин маалымат кызматынан.