27.08.2018 14:04

Россиялык спортсмендин телефонунун жоголушу мигранттарды массалык депортациялоого алып келди

Россиялык спортсмендин телефонунун жоголушу мигранттарды массалык депортациялоого алып келди

Москвадагы соода борборунун биринде жоголгон телефондун кесепетинен Россиядагы мигранттар тобу депортацияланды. Красноярскийлик триатлонист, Триатлон боюнча Европалык кеңештин мүчөсү Галина Шиповалова Facebook социалдык тармагындагы баракчасында смартфонун жоготуп алып, окуя  мигранттарды өлкөдөн мажбурлап чыгарып жиберүү менен аяктаганын билдирди. 

Уюлдук телефонун спортсмен Москва шаарындагы ири соода борборлорунун биринде эне-бала бөлмөсүнө унутуп кеткен. 10 мүнөттөн кийин Галина телефонду койгон жеринен таппай калган. Ага жаңы эле бөлмөнү жууп-тазалап кетишкенин айтышкан. 

«Күзөтчүлөр эки саат бою видеокамераларды карап, соода борборун жууп-тазалаган компаниянын жумушчуларынын жеке буюмдарын да текшерип чыгышты. Эртең менен сыр сөзүмдү алмаштырыш керек экенин эстеп, Гууглга кирип, «Түзүлүштүн кайда экенин көзөмөлдөө» опциясын көрүп калдым. Таң калганым, түн ортосунда соода борбордон 500 метр алыс жерден кимдир-бирөө телефонумду иштетиптир. Ал даректи скриншоттоп алып, полицияга кайрылдым. Ал дарек боюнча ким жашайт экен дебейсинерби? Соода борбордун пол жуугучу. Анын жанында дагы он чакты мигрант жашайт экен. Үйдү тинтип чыгышты. Телефон табылган жок. Ал эми, мыйзамсыз жүргөн мигранттар бүгүн депортацияланат», -деп жазды Шиповалова.