26.11.2018 11:06

Россиялык журналист кызматы үчүн Сооронбай Жээнбековдун штабынан 170 миң доллар алганын моюндады

Россиялык журналист кызматы үчүн  Сооронбай Жээнбековдун штабынан 170 миң доллар алганын моюндады

КСДПнын мурунку коомчулук менен байланышуу кызматкери, орусиялык журналист Алексей Василивецкий Сооронбай Жээнбековдун штабындагы иши үчүн 170 миң доллар алганын мойнуна алды, деп жазат 24.kg   маалымат агенттиги.  

Тасмада Василивецкий азыркы президенттин шайлоо алдындагы кампаниясына катышканын журналисттерден жашырып койгонун билдирет. Калп айтканын «кимдир-бирөөнү жаман абалга кептеп коюудан» корккону менен түшүндүрөт.  Анткени, Кыргызстандын мыйзамында чет элдик жарандар үгүттөө иштерине катышууга укугу жок деген жобо бар. 

«Бирок, мен азыр эч кандай мыйзам бузбаганымды тактап билдим. Менин штабдагы ишим- кеңеш берүү менен чектелчү. Мен эч кимди үгүттөгөн эмесмин. Сооронбай Жээнбеков менен 2017-жылдын мартынан бери иштегем. Муну оңой эле текшерсе болот, өкмөт үйүнө мени документ менен киргизишчү», — деп билдирет тасмада Алексей Василивецкий.

КСДПнын мурунку  коомчулук менен байланышуу кызматкери Сооронбай Жээнбековго Digital-CASA долбоорунун ишке ашышын күтпөй эле, мектептерди компьютерлештире берүү сунушун киргизгенин  айтат. Бул күзүндө үгүт кампаниясынын учурунда бетине кармоо үчүн жасалган. Андан сырткары, келечектеги талапкердин программасын, логотип, ураанын талкуулоого катышкан.  

«Кепти азыр баары сөз кылып жаткан акчаларга бурсам, башкалар канча акча алганын айтуу оор. Мен өзүмдү айтсам, чыгымдар туура келет, мен бул акчаларды алгам. Алууга укугум да бар болчу, анткени, ошол кезде менде кеңеш берүүчү кызмат көрсөтүүгө патентим бар эле», —деп баса белгилейт Алексей Василивецкий.

Консультанттын айтымында, анын артынан аңдуулар, коркутуп-үркүтүүлөр башталгандыктан, Кыргызстандан кетүүнү чечкен. Баарын мойнуна алган тасманы жарыялоо менен ал өлкөдөн чыгып кеткен. 

Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоочу Токтакунов Сооронбай Жээнбеков шайлоого мыйзамда көрсөтүлгөндөн алда канча көп каражат кетиргени камтылган файлдарды ачыктаган.

Кийинчерээк, «Вечерний Бишкек» гезитине Василивецкий 170 миң доллар алганын айтпаганын, ага берилген акчанын көп бөлүгү компьютердик программа сатып алууга кеткендиктен,  колуна 13 миң доллар гана тийгенин билдирген.