17.05.2018 08:50

Россиянын бир облусунда чиркейлердин айынан тургундар үйлөрүнөн чыга албай калды

Россиянын  бир облусунда чиркейлердин айынан тургундар үйлөрүнөн чыга албай калды

Россиянын Воронеж облусунун тургундары аймакты каптаган  сансыз чиркейлердин айынан үйлөрүнөн чыга албай калышты. Бул туурасында жергиликтүү тургундар өздөрү социалдык түйүндөрдө билдиришүүдө.  

Кар көп жаап, узакка  созулган кыштан кийин россиялыктар жайдын келишин абдан күтүшкөн. Бирок, кээ бир аймакта  күтүлбөгөн нерсе болду.  Жакшы аба ырайынан жана балким, сапатсыз санитардык тазалоодон улам, Воронеж облусун чиркейлер каптады.  

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, баарынан көп  Павлов районунун тургундары жапа чегүүдө. Бул жактагылар өзгөчө муктаждык жаралбаган маалда, үйдөн чыкпай отурууга аргасыз. 

Терезе-эшиктерге коюлган торлор да, атайын чачуучу каражаттар да чиркейлерден куткара албай жатат. Кан соргучтарын чакканынан кээ бир жарандарда аллергия пайда болууда. 

Баарынан да үй жандыктарына жаман болду. Бир нече ит, тоок жана чочколордун дем алуу жолдорун чиркейлер бүтөп калып, өлүп калышты. 

Социалдык тармактарда элдер үрөй учурган сүрөт жана тасмалар менен бөлүшүүдө. Ал эми, жергиликтүү администрация бардык тийиштүү  чараларды көргөнүн билдирди.