06.03.2019 14:08

Россиянын борборунда кыргыз кызын унаа сүзүп кетип, ооруканага жеткирилди

Россиянын борборунда кыргыз кызын унаа сүзүп кетип, ооруканага жеткирилди

Россиянын борборунда кыргыз кызын унаа сүзүп кетип, ооруканага жеткирилди. Бул туурасында Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Урматтуу Мекендештер! Москвада такси тармагында иштеп жаткан Чолпонбек Хажибеков деген бир тууганыбыз, эртең менен жолдо бир кырсыкты көрүп, мага кабар айтып ватсап аркылуу видео жөнөттү.
«Вавилов- Октябрдын 60 жылдыгы көчөлөрдүн кесилишинде бир кыргыз карындашыбызды машина уруп кетиптир, жолдо жаткан жеринен көтөрүп, аялдамага отургуздук. «Тез жардам» келип алып кетти. Кызды машина катуу сүзгөндүктөн, кыз сүйлөбөй жооп бере албай калды» дейт Чолпонбек.. Балким  карындашыбызды  таанып-билип калсаңар, байланышып кабар алгыла тез арада», -деп жазган Улан Кошматов.