26.09.2019 19:46

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Малаховдун сөзү боюнча пикирин билдирди

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Малаховдун сөзү боюнча пикирин билдирди

Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги Твиттердеги @rusembkg расмий баракчасында Андрей Малаховдун кыргызстандыктар тууралуу айткан сөзүнө карата пикирин билдирди. 

«Теле алып баруучу А.Малаховдун сөздөрү боюнча бир гана нерсени айтса болот: адамды таарынтуу оңой, бирок ошол жүк менен жашоо оор. Эгер бүтүндөй элди мазактаган болсоң, андан бетер...», -деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек,  24-сентябрь күнү орусиялык телеканалдардын биринен Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсү «Олигархтын уулунун өлүмү: кокустукпу же атайылап жасалганбы?» деген аталышта эфирге чыккан. Анда 2019-жылдын 8-июль күнү кыргызстандык таксист башкарып бараткан унаа менен кагышуудан каза тапкан россиялык миллиардер Александр Маруговдун уулу Владимир тууралуу сөз болгон.

Көрсөтүүнүн алып баруучусу Андрей Малахов талкуу учурунда бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн деген ойду залдагыларга таңуулаган.  Ошондой эле, 10 долларлык айлыкка иштеген кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн көп нерсеге даяр деген маанидеги сөздү кыйыткан.

Белгилүү шоумендин бул сөздөрү Кыргызстанда социалдык тармак колдонуучуларынын кыжырын келтирип, алар алып баруучунун кыргыз элинен кечирим суроосун талап кылышкан.