11.06.2019 10:23

Россиянын Тверь шаарында кыргыз жараны 3 жылга абакка кесилди

Россиянын Тверь шаарында кыргыз жараны 3 жылга абакка кесилди

Россиянын Тверь шаарында кыргыз жараны 3 жылга кесилди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 13-февралында Тверь шаарынын Малая Тверская көчөсүндө эки киши уруша кеткен. Кайым айтышуу учурунда, кыргыз жараны чөнтөгүнөн бычак алып чыгып каршылашын курсакка сайып жиберген.

Жабырлануучу ар түрдүү жаракаттардын кесепетинен каза тапкан.

Твер шаарынын райсоту кылмышка айыпталган кыргыз жаранын 3 жылга абакка кести.