10.03.2020 14:55

Роза Отунбаева: Кыргызстандын абийирин төккөн министр Кашкар Жунушалиев кызматынан кетиши керек

Роза Отунбаева: Кыргызстандын абийирин төккөн министр Кашкар Жунушалиев кызматынан кетиши керек

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте 8-март күнү камалган айымдарды колдоо максатында митинг өттү. Акцияны “Зомбулукка каршы” деп аталды. Ал саат 12:00дө Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелиги алдында өттү.

Тынчтык акциясына бир катар белгилүү айымдар: Роза Отунбаева, Мира Жангарачева, Чолпон Жакупова, Азиза Абдирасулова баштаган коомдук ишмерлер, укук коргоочулар катышты.

Өз кезегинде экс-президент Роза Отунбаева Кашкар Жунушалиев жетектеген Ички иштер министрлигинин 8-марттагы аялдар маршына каршы аракеттерин сындап, министрдин кызматтан кетишин талап кылды.

«Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга ички иштер министри жооптуу. Ал кызматтан кетиши керек. Кыргызстандын абийирин төгүп аткан бир министр жана анын командасы болуп атат», - дейт Роза Отунбаева.

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар анны узгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.