09.05.2020 15:03

Бишкекте Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү 

Бишкекте Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү 

Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгон жоокерлерди  бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

Белгилей кетсек, тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашык адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден ашыгы дайынсыз жоголгон.​