13.12.2018 10:00

Рулда уктап кеткен айдоочу: Үч адам каза таап, дагы үчөө жаракат алды

Рулда уктап кеткен айдоочу: Үч  адам каза таап, дагы үчөө жаракат алды

Бишкек-Ош унаа жолунда бүгүн, 13-декабрда болжол менен 5:50 да адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Унаанын 307-чакырымында Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү минивэн Бишкек тараптан Ош жакка бара жатып, катуу ылдамдыкта Mercedes-Benz 814 жүк ташуучу унааны сүзүп алган. Алдын-ала алынган маалыматка караганда, жеңил унаа айдоочусу руль башкарып баратып, уктап кеткен.   

«Кесепетинде жеңил унаадагы 3 жүргүнчү каза таап, 3 адам ооруканага жаткырылды. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу олуттуу жаракат алган эмес. Өзү басып жүрөт, ооруканага жатуудан баш тартты. Азыр жол кырсыгына кабылган адамдардын өздүгү аныкталууда», - дешти тиешелүү мекемеден. 

Ошондой эле, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалган. Факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.