17.09.2018 17:41

Рязанда жол кырсыгынан улам ооруканага түшкөн кыргыз жарандарынын абалы - канааттандыраарлык

Рязанда жол кырсыгынан улам ооруканага түшкөн кыргыз жарандарынын абалы - канааттандыраарлык

Кечээ, 16-сентябрда Рязань облусунда болгон жол кырсыгынан КРнын 51 жаштагы жараны А.С. каза тапты. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгынан айдоочу жана 6 жүргүнчү ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. 

Учурда Рязань облустук клиникалык ооруканада Кыргызстандын 3 жараны дарыланууда. Алардын абалдары канааттандыраарлык. Алардын өздүгү тууралуу маалыматтар такталууда. 

Калган жарандар ошол эле күнү медициналык жардам алган соң, башка унаа менен Москвага жеткирилген. Элчилик каза тапкан адамдын сөөгүн Мекенине жөнөтүү иштери менен алектенүүүдө жана бул ишти  өз көзөмөлүнө алды. 

Эскерте кетсек, ЖМКларда 16-сентябрда Рязань облусунда жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус  мамыны сүзүп алып, бир адам каза таап, бешөө жаракат алганы тууралуу маалымат жарыяланган. Алардын арасында кыргызстандыктар бар экени айтылган.